"Саманчынын жолу"

first publication date:  1963
original title:  Саманчынын жолу
original language:  Kyrgyz

Алихан Саманчынын жолу повести — С. Алихан Ата Мекендик согуш мезгилин сүрөттөгөн чыгармаларынын бири. Бул повестте бүтүндөй бир Субанкулдун үй-бүлөсү апасы Толгонайдан башкасы согушта эли жерин коргошуп курман болушат. Ал эми Толгонай тылда өз эмгеги, көтөрүмдүүлүгү, күчтүүлүгү, адилеттүүлүгү менен согушту жеңүүгө жардамын берет. Бул чыгарманын башкы каарманы Толгонай. Анын тагдыры абдан оор. Ал бир учурда эле эне, аял, жетекчи. Ал майданга күйөөсүн, балдарын узатты, бирок бири да кайтып келишпеди. Күйөөсү Субанкул, балдары Касым, Майсалбек, Жайнак, гүл сүйгөн келини Алимандан айрылды. Жазуучу бул чыгармасы менен адамдын улуулугун, залкарлыгын, бийиктигин биринчи планга алып чыккан. Апа баланы кыйналып жарыкчылыкка алып келет, эне үчүн ар бир бала өтө кымбат. Бирок эне баланы эл үчүн төрөйт, Ата Мекенинин керегине жараган адам болсун деп тарбиялайт. Адам жана жер. Киндик кан тамган жер адам үчүн эң ыйык. Жер-Эне менен Толгонайдын диалогу бекеринен эмес. Жер-Эненин образы шарттуу экенине карабастан, андагы сүрөттөлүп жаткан турмуш окуялар, ал окуяга катышкан адамдар, алардын оор тагдырлары ушунчалык далилдүү, ишенимдүү. Тагдыр Толгонайдын эң акыркы үмүтү болгон гүл сүйгөн келини Алимандан ажыратып, ал бир үйдө жалгыз калды. Толгонай жашагысы келбей, баарын кечип кеткиси келди, бирок дүйнөгө жаңы адам келди, ал кичинекей наристе өмүрдүн бар экенин, жашоонун уланып жатканын билдирип, турмуш менен күрөнгүүгө үндөдү. Жер-Эне менен болгон сырдашууда Толгонай өз башынын кайгы-капасын гана айтпастан, бүт адамзаттын атынан сүйлөйт. "Саманчынын жолу" адамзаттын жолу деп адабиятчылар бекеринен айтышпаса керек. Source: Wikipedia (ky)

Editions
No editions found

Work - wd:Q13165110

Welcome to Inventaire

the library of your friends and communities
learn more
you are offline